Ош облусундагы Ноокат районунун тургуну картошка жана алмасы баанын арзандыгынан улам сатылбай чирип жатканын SUPER.KG'ге кабарлаган. Ал райондо картошка 5 сом, алма 10 сомдон сатылып жатканын билдирген эле.
"Дыйкандардын өндүргөнүн сатууга көмөк көрсөтүүнүн үстүнөн иштеген бирөө-жарым барбы? Ишенген адамдарыбыз Тиматинин кара бургеринде жүрүшөт дейби?" - деген суроо менен кайрылган окурман.
28-мартта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Темиржан Мааткеримов министрлик картошка жана алмасы чирип кеткенин айткан тургундан кабар аларын кабарлады.
"Буга чейин картошка маселеси боюнча бүт аймактарды кыдырып чыкканбыз. Ош облусун кыдырганыбызда бир дагы үйдөн чириген картошка табылган эмес. Ошол эле картошканы эң көп айдаган Ысык-Көл облусунан табылган эмес. Сиздерге кайрылган тургундан биздин министрликтин Ноокат районундагы бөлүмүнүн өкүлдөрү барып кабар алып, тийиштүү жардамын көрсөтөт", - деди Мааткеримов.