Бишкекте Орусиянын элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайлар эч жакка кетпөө тил каты менен камактан бошотулду

Бишкекте Орусиянын элчилигинин алдына пикетке чыккан жубайлар Нурлан Карымшаков менен Гүлназ Имаева эч жакка кетпөө тил каты менен камактан чыгарылды.

Алардын баш коргоо чарасын 28-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту жабык эшик артында карады. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова жазды.

Анын айтымында жактоочу нааразычылык билдирип чыккандарды кармоо мыйзамсыз экенин аныктоо үчүн сотко өтүнүч келтирген.

Активист Нурлан Карымшаков аялы менен бирге Орусиянын Кыргыз жериндеги элчилигинин алдында Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митингге чыккан.

Андан кийин аларды Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери кармап кетип түн ортосуна чейин суракка алышкан. Колдорунда "Путин - оккупант, агрессор" деген жазуулар болгон.

Жазылган сөздөргө экспертиза жүргүзүлүп, жыйынтыгында "улут аралык кастыкты жаратуучу чакырыктар бар" деген корутунду чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kuba-savai87
2019-03-29 04:27:44
Жон эле журсонор ээ бир жерлеринди кысып
+2
CEO1
2019-03-29 09:45:52
Kuba-savai87, аларды кыстырып эмне кыласын?!! Же Путин акене кошомат кылбасан жашоон токтоп калабы?!!

Ар ким озу каалаганын суйлойт же сенден сурап суйлоп журсунбу?!!
0
Aikaaaa
2019-03-29 11:16:14
CEO1, Путин эмне кылыптыр ага, же жеп аткан ашын тартып алыптырбы?
0
CEO1
2019-03-29 09:50:09
Ар ким оз оюн айтууга акысы бар. Путин тууралуубу же Трамп туулалуубу же башкасыбы айтор...

АШАны деле "ХХХХХ" деп журушту го, эми деле айтышат. Сокени да ХХХХХ деп айтчулар айтып келишет, туура да айтып журушот, чындыкка чычалап эмне кереги бар?!!

ХХХХХХХХ
0
Tolkun555
2019-03-29 10:00:12
Бир карын майды бир кумалак чиритет.Ойлоп кор жаманбы жакшыбы уйуно бир конок келип жатса.бир балан чыгып мейманды жамандап жатса кандай болот.
+2
Bars88
2019-03-29 10:37:14
Каерде болсо рита карасартова деген журот экенда
0
Alinur96kg
2019-03-29 14:32:17
куугунтук коруп атабыз деп америкага кетуунун оной жолун кылып атышат да.Мексикага визасы деги бар экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан