2018-жылдын февраль айында Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык ымыркайдын денесинде 16 ийне бар экенин аныкташкан. Балага тез аранын ичинде операция жасалып, дарыгерлер ийнелер наристенин денесинде 1 айдан ашык убакыттан бери жүргөнүн билдиришкен. Март айында баланын абалы жакшырып, ооруканадан чыгарылган.
Андан бери туура 1 жыл өттү. Бүгүнкү күндө наристенин абалы кандай жана ал кандай шартта жашап жатат? Бул суроолорго "Калк сөзү ONLINE" басылмасы жооп алуу үчүн бала жашаган үйгө барган. Басылманын маалыматына ылайык, денесинен 16 ийне табылган Азизбек 11-февраль күнү 2 жашка толгон. Учурда анын ден соолугу жакшы.
Ал атасы Алижон Худойбердиев, апасы Шохсанам Болтабоева менен чогуу жашап жатат. Белгилей кетсек, ымыркай өткөн жылы оор абалда ооруканага жеткирилгенде атасы Орусияда болчу. Бул окуядан кийин ал Орусияга кайра кетпөөнү чечкен.
"Дарыгерлерге рахмат. Алардын аракетинин артында балабыз аман калды. 16 ийненин 13ү алынган. 3 даана ийнени алуу үчүн балага оор операция жасатуу керек болгондуктан дарыгерлер алышкан эмес. Ар 6 ай сайын биз аны дарыгерлерге алып барып турабыз. Өткөн жылдын сентябрь айында алып барганыбызда абалы жакшы дешкен. Ошентсе да денесиндеги 3 ийне менен жашап жаткан балама санаа тарта берем. Азыр анын денесиндеги 3 ийнени алып салууга баламдын кубаты жетпейт деп дарыгерлер түшүндүрүштү. Ушул айда Азизбекти кайра дарыгерге алып барабыз", - деген апасы.
Азизбек бул үй-бүлөнүн жалгыз баласы, жакында гана өздөрүнчө бөлүнүп, жаңы үй куруп ошол жакка көчүшкөн. Бирок баланын атасы жумуштун жоктугуна байланыштуу үй-бүлөсүн багуудан кыйналып жатканын айткан.
"Баламдын бул окуясынан кийин мигрант болбойм деп чечкем. Ар кайсы ишке жалданып иштеп, үй-бүлөмдү багып жатам. Көп аракетим баламдын ден соолугун калыбына келтирүүгө жумшалууда. Чарбагын иштете албай жаткандарга мамлекет тарабынан, банктан жардамга каражат берилет деп уктум, ошондон үмүт кылып турам", - деген атасы Худойбердиев.
Маалыматта белгиленгендей, ийне баланын денесине кандайча кирип калгандыгы ушул күнгө чейин белгисиз. Окуя боюнча тергөө башталып, бирок кайра токтоп калган. Дарыгерлер баланы ийнени жуткан эместигин, ал анын денесине тери аркылуу киргенин айтышкан. Ошондой эле апасын тааныгандар баланы табыптарга алып барып жүргөнүн айтышкан.