Интернет айдыңында Владимир Путиндин жанында тилин көрсөтүп түшкөн Чыңгыз Айтматовдун небереси кызуу талкууланып жатат. Сүрөттөгү сүймөнчүк бала тууралуу маалымат алуу үчүн SUPER.KG порталы Роза Айтматовага байланышты.
"Ал сүрөттү көрүп алып аябай күлдүк, анан баарыбыз тең аны "жөн турбайсыңбы" деп жемеледик. Ал Элдар Айтматовдун уулу, аты Сулайман 5 жашта. Негизи өзү аябай тынчы жок, тентек бала. Владимир Путиндин жанында сүрөткө түшүп жатканда тилин көрсөтүп жатканын байкабай калыптырбыз. Кийин атасы аны байкап калып, Сулайманды жанына тургузуп алган экен. Бирок ага чейин эле сүрөткө тилин көрсөткөн бойдон түшүп калыптыр да. Кичинекей, тентек да, ким менен сүрөткө түшүп жатканын деле түшүнгөн жок. "Эмнеге тилиңди көрсөттүң?" десек ыйлап, "экинчи антпейм" деп коёт", - дейт Роза Айтматова.
Кечээ, 28-мартта Кыргыз өлкөсүнө Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен келип кетти. Сапардын алкагында ал кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейге да барышкан. Анда президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен баарлашып, жазуучунун уулу Элдар Айтматов музей жөнүндө, залкар жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берген. Мындан кийин эки президент улуу жазуучунун үй-бүлө мүчөлөрү менен сүрөткө түшүшкөн.