28-мартта Бишкекте жааган жамгырдан кийин унаа жолдорду суу каптаган. Тагыраагы, Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсү кесилишкен жерге суу топтолуп, айдоочулар үчүн ыңгайсыздык жаралган.
Мэриядан билдиришкендей, аталган кесилиштеги кудуктарда таштандылар толуп кеткендигинен жана көчө ылдый жайгашкандыгынан суу топтолгон. "Бишкек суу канал", "Тазалык" жана башка тиешелүү кызматтар сууну сордуруу иштерин жүргүзгөн. Бул иштер саат 23:00дө аяктаган.
"Ушул сыяктуу суу каптоолор Фрунзе-Тоголок Молдо, Абдрахманов-Фрунзе, Абдрахманов-Кулатов, Исанов-Чүй жана Манас-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиштеринде болгон", - дешти мэриядан.