Ички иштер министрлиги Фарид Ниязовго козголгон кылмыш иши боюнча билдирүү таратты

Бүгүн, 29-мартта социалдык тармактарда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго карата кылмыш иши козголду деген маалымат тараган. ИИМдин басма сөз кызматы бул иш боюнча төмөнкүдөй билдирүү таратты.

"20-март күнү ИИМдин Тергөө башкармалыгына М.Чегирткеев аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2010-жылдын 6-7-апрель күндөрү каза болгон жарандардын жакындарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Фарид Ниязовду жана анын мүчөлөрүн жоопко тартууну өтүнгөн. Алар 2017-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, дарыгерлердин берген аныктамаларына карабастан Сочи шаарындагы дарылануусу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин эсебине бөлүнгөн 200 миң сом акчаны артка кайтартып алганын билдирген. Мындан улам арыздануучунун ден соолугу кескин начарлап, моралдык жактан кыйналганын билдирген.

20-март күнү арыз кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Ушул эле күнү Башкы прокуратурада Чегирткеевдин арызы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш иши ИИМдин Тергөө башкармалыгына жөнөтүлүп, юридикалык баа берүү үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Фарид Ниязов бул кылмыш ишин саясий буюртма деп баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sakubek
2019-03-29 16:26:06
Камагыла
+7
Nurdinur
2019-03-29 16:58:16
Ей мындан ооо 10 жыл мурунку кылмышвн издевей жакынкы убактардан издесенер да чыкса керек эле.
+3
zhaku2017
2019-03-29 17:08:02
Жээнбековтордун жасап жаткан саясий куугунтуктары. Атамбаев озун куноолусун. Мактап туруп алып келген Жээнбековторун акыры минтип чыккынчылык жасап жатат. Тез арада Жээнбековторду кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек. Жээнбековтордон эч умут жок. Башка адилеттуу адам табыш керек.
-13
Ka2sr1
2019-03-29 17:57:44
Жээнбековторго баары бутуп эми Ниязов калыптырбы. Оз сын пикирин айткан КР жарандарына Соке чычалабаш керек. Чычалаган чын болот. Жээнбековтор эмнени кыйратты акыркы бир эки жылда. Сын пикирлештерин каматкан - бул Жээнбековтордун колунан эч нерсе келбейт дегенди билдирет
-7
NURSAPAR
2019-03-29 17:58:59
Бул чыккынчылык эмес Фаридке окшогон дагы . Шоопур, жан сакчы, жана башка атайын билими жок болуп туруп эл башкарган эргулдарды камаш керек. Ушул Кыргызга болгон чыккынчылык,деп ойлойм.
+9
didu
2019-03-30 06:22:55
военный билети жок генералдарды териштирсенер
+1
yrmat88
2019-03-30 09:47:47
Бара бара эки Жээнбековго ой пикирибизди айта албай жарандар оозубузду тигип алат окшойбуз. Кичине бир сын айткандарды Соке бироолор аркылуу арыз жаздырып, оздрру билмексен болуп отурушат. Эл баарын коруп билип турат. Антип кууланбай эле коюшсун.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан