Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканда жумушка чыкпаган күндөрү үчүн мугалимдердин айлыгы кыскартылганы талкууга алынды

Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканда жумушка чыкпаган күндөрү үчүн мугалимдердин айлыгы кыскартылганы тууралуу маалымат интернет колдонуучулары арасында талкууга алынды.

Алгач социалдык тармактарга Билим берүү министрлиги Таш-Тумшук мектебинин мугалимдерине "тополоң болгон күндөрү үчүн айлык акы төлөнбөйт" деп 4 күнүн чийип салыптыр деген маалымат чыккан.

Көптөгөн интернет колдонуучулары "чукул кырдаалда ишке чыкпаган мугалимдердин айлыгына кайра акча кошуп берүү керек" деген билдирүүлөрдү жазышкан.

Бул боюнча Билим берүү министрлиги тараган маалыматты төгүндөп, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

"Социалдык тармактарга чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Жалпы билим берүүчү уюмдардан мугалимдердин иш убактысын эсепке алуу табелдери борборлоштурулган бухгалтерияга 29-мартта тапшырылды. Министрлик тарабынан март айы үчүн мугалимдердин эмгек акысына бөлүнүүчү акча каражаты толук каржыланды (анын ичинде Баткен районундагы бардык мектептердин мугалимдеринин бир айлык эмгек акысы бар). 1-апрелден тартып мугалимдердин эмгек акысы борборлоштурулган бухгалтерия тарабынан эсептелинип, 3-апрелге чейин мугалимдердин эсебине түшөт", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Aktilek2
2019-03-30 13:28:57
Министиринди урайын, эл барып козу менен коруп угуп келсе, министирлик коз коргонду ХХХХ берген женет дегенден болот экенда
+5
Talantbek80
2019-03-30 16:22:42
Менин супер инфого суроом бар эле айыл жеринде такси кызматында иштейм айыл ичи 50 сом патентке 300 айына Эми бизди айына патенттен тышкары 620 сом айына токкуло дейт ал акчаны кайдан табабыз эптеп оокат кылып атканда тийешелуу мекемелерден жооп алып берсенер жакшы болот эле элдин унун ким угат
+5
nargiz-sa
2019-03-30 21:45:48
Talantbek80,620сом эмне учун тогушубуз кк деп сурабайсынарбы. Негизи киреше салыгын толоордо жалпы айлык кирешеден 620 сом,ар бир баланыз учун 100сомдон кыскартып калган суммадан салык алынышы кк
0
Jarma
2019-03-30 18:14:10
Качан элге угулуп, талкууга түшкөндө актанып калышат.
+3
Saidochka
2019-03-30 20:41:30
Табелди 20сынан кийин эле тапшырышат,бекеринен соз чыккан жок,демек ошондой иш болгон,кайра ондой калышты да
0
mers8
2019-03-31 03:34:20
Булар кылгылыкты кылып койуп баяагы эле созуда бул чындыка дал келбейт деп эле актана берет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан