Кыргыз-Казак чек арасында Казакстанга кире албай "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 160ка жетти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева Казакстан тарап өлкө аймагына кирип жаткан жүктөрдүн документтерин, техникаларды мурункудай эле текшерип жатканын айтты.
Ал чек арадан өтө албай калган 30дай унаа артка кайтпай ошол аймакта токтоп турганы үчүн унаалар көп болуп жатканын билдирди.
"Бир сааттын ичинде 4-5 унаа текшерилүүдө. Чек арадан өтпөй калгандар кайра кирүүгө мүмкүнчүлүк болуп калат деп артка кетпей жатышса керек. Көбүнчө кийим-кече өңдүү жүктөрдү ташыган унаалар артка кайтарылып жатат. Алардын арасында азык-түлүктөр жок", - деди ал.