Бирдиктүү салык декларациясын берүү мөөнөтүнүн акыркы күнү 31-март дем алыш күнүнө туш келгендигине байланыштуу, салык декларациясын берүү мөөнөтү 1-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой декларациясын тапшыра элек жарандар калган күндөрү, анын ичинде 1-апрелде саат 9дан баштап түн ортосуна чейин тапшыра алышат.
"Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү", - деп айтылат маалыматта.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 1 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Ал эми декларацияны өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айыптан тышкары, ал декларанттардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жарыялоо каралган.