Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы Кыргыз жарандары үчүн миграциялык мунапысты колдонуу жол-жоболорун маалымдады

Тышкы иштер министрлиги Орусия Кыргыздын жарандарына карата буга чейин жарыяланган миграциялык мунапыстын жол-жоболорун кайра карап чыккандыгын кабарлады. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

Белгилүү болгондой Орусия Федерациясында жүрүү мөөнөттөрүн бузган Кыргыз жарандарына 2019-жылдын 1-апрелинен 22-апрелине чейин Орусиядан чыкпай эле легалдашуу мүмкүнчүлүгү берилет.

"Андыктан, миграциялык мунапысты колдоно турган Кыргыз жарандары жогоруда белгиленген убакыт аралыгында Орусия ИИМинин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы паспорту менен келүүсү керек. Ал жактан миграциялык каттоого коюу менен жаңы миграциялык карта берилет.

Документтери жок жарандар жарыяланган мунапысты колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилигинен же консулдук мекемелеринин биринде өлкөгө кайтуу күбөлүгүн даярдап, Орусиядан 2019-жылдын 22-апрелине чейин чыгып кетүүсү керек. Кайра Кыргыз Республикасында алган паспорттун негизинде Орусиянын аймагына каалаган убакта кирүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Бул миграциялык мунапыс соттун чечиминин негизинде Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргыз жарандарына берилбейт.

Тактай турган маалыматтарды алуу үчүн номерлер: +79251032911, +74992383304, +79252917272, +74957807413, +74957807412, +74957807410.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
gute
2019-03-30 19:49:47
Жакшы жанылык. Жердештерибизге жана мага дагы бир топ женилдик болгону жатат.
+5
Aktilek2
2019-03-30 20:55:38
Номерлеринин бири дагы иштебейт, элчилик консул булар просто показуха, иштеп атабыз деген таризде а так номеринин бири дагы иштебейт.
+6
tachkomur
2019-03-30 21:12:02
Админ ушуну озунор текшерип чалып корсонор иштейби иштебейби
+4
Ysakov_Nur
2019-03-30 21:36:52
Мактанышат эле, бирок бироо жарым бар бекен ушул мыйзамдан пайдалана алган?!
+2
Tolkun555
2019-03-31 10:24:47
Ysakov_Nur,1-апрелден баштап деп турат.бугун 31-март.
+1
mers8
2019-03-31 03:39:38
Депорт болгондоргода мунапыс берилсе жакшы болмок
+5
Tolkun555
2019-03-31 10:01:08
1-апрелден баштап деп турат.бугун выходной болсо керек.озунор жашаган жерге жакын болгон ФМС ке барып коргуло.жон эле не довольный боло бербей
+2
Bekturbek
2019-03-31 22:59:13
Мени сот выдворение кылган,5 жылга.Мага мүмкүнчүлүк барбы?Мен соттошуп верховный судка чейин баргам,эшкандай майнап чыккан эмес,Болбосо менин Энем Орусиянын жараны.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан