Чек ара кызматы: "Кыргыз-Казак чек арасында жүздөй жүк ташуучу унаанын ээлери текшерүүдөн өтүүнү каалабай 4 күндөн бери турат"

Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргыз-Казак чек арасында турган жүк ташуучу унаалардын саны 200гө жакындады. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариевага кайрылганда билдирди.

Айтымында, "Ак тилек" көзөмөл өткөрүү жайына жакын жердеги 100дөй унаанын айдоочулары 3-4 күндөн бери кетпей турушат.

"Казакстан тарап унааларды өткөрбөй жатат деген маалыматтар туура эмес. Документи толук, туура болгон унааларды жүгү менен өткөрүп жатышат. Болгону текшерүү мурункуга караганда дыкат өтүүдө. 100дөй унаанын айдоочулары өздөрү документтери туура эмес экенин билишет, ошондуктан же Казак тарапка кирбей же кайра кайтып кетпей турушат. Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө "алыстан келдик, товар алган ишканаларга байланыштык, документтерди толуктап бермей болушту" деп жатышат. Өздөрүнүн туура эмес аракеттери менен канча күндөн бери чек арадагы тыгынды жаратышууда. Эмнеге өтпөй жатышат? Демек, аткезчилик менен алып чыгып бара жаткан жүктөрү бар.

Биз көзөмөл өткөрүү пунктуна кирген унааларды гана карай алабыз. Сыртта тургандарга барып бул жерге турба дей албайбыз. Андыктан канча күндөн бери уланып келе жаткан бул көйгөйдү тиешелүү тарап көзөмөлгө алып, туура эмес документтер менен келген жүк ташуучу унаалардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек", - деди Абдыкариева.

Буга чейин Казак бийлиги бул абал боюнча үн катып, анда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканын белгилеген. 30-мартта Мамлекеттик чек ара кызматы "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында кезекке турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 160ка жеткенин кабарлаган. Аталган кызматтын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева чек арадан өтө албай калган унаалар артка кайтпай ошол аймакта токтоп турганы үчүн унаалар көп болуп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан