Бишкек-Ош унаа жолунда 31-март күнү кечки саат 8:45 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташып бара жаткан унаа оодарылып кетип жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы М.А. аттуу жаран өзүнүн Хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасы менен Ошко бара жатып, рулга ээ боло албай Чычкан суусунун жээгинде оодарылып кеткен. Мындан улам айдоочу денесинен ар кандай жаракаттарды алган.
"Жаракат алган айдоочуну 21 жаштагы А.Ш. аттуу жаран унаасына салып Токтогул райондук ооруканасына алып бара жаткан жеринен кырсыкка кабылган. Хонда CRV үлгүсүндөгү унаа кырсык болгон жерден бир аз узап, кооптуу бурулуштан айдоочу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен. М.А. ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Ал эми унаадагы айдоочу менен эки жүргүнчү эч кандай жаракат алган эмес. Учурда жол кырсыгы тууралуу маалыматтар такталып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматкери.