ӨКМ: "Бишкекте катуу шамал орун алды, кыйроолор болгон жок"

Бүгүн, 1-апрелде Бишкек жана Чүйдүн аймагында катуу шамал орун алды, бактыга жараша, кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай туруксуз аба ырайы 4-апрелге чейин улана бермекчи.

"Учурда кыйроолор тууралуу маалыматтар келген жок. Кечке чейин аймактардан маалыматтар топтолуп, дагы толукталат", - деди басма сөз кызматкери.

Буга чейин Бишкек жана Чүйдө шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери айтылган.

Бофорттун шкаласы боюнча секундасына 17-20 метр ылдамдыкка чейин жеткен шамал жеңил конструкцияларды, айрым чатырларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан