Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "вице-премьер Жеңиш Разаков Тажикстандын тыңчысы" деген маалыматты текшерип чыкканын бүгүн, 1-апрелде кабарлады. Анда белгиленгендей, текшерүүнүн жыйынтыгында маалыматтын чындыгы аныкталган эмес.
Мекеменин тараткан маалыматына караганда, макаланы жарыялаган тажикстандык сайт "e-tadjikistan.org" учурда иштебейт. Андан сырткары макаланын автору Шабнами Собири жана сайтка ээлик кылат делген "Бирдиктүү Тажикстан" оппозициялык уюму ойдон чыгарылган кабар экени аныкталган.
20-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мурадыл Мадеминов вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго кайрылып, тажик маалымат булактары аны "кошуна мамлекеттин агенти" деп жазып жатканын айткан. Андан кийин УКМК маалыматтын чындыгын аныктап чыгуу үчүн сотко чейинки териштирүүнү баштаган.