Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда чыккан өрт 17:47де толугу менен өчүрүлдү. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Б.Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан №57 А жана №57 Б турак үйлөрүнөн өрт саат 15:30да чыккан. Өчүрүүгө барган бригада тилсиз жоону саат 16:21де чектөөгө алган. Өрттү өчүрүү үчүн 3 бөлүм жана штаб, атайын ыкчам топ тартылган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон жок, анын келип чыгуу себептери такталууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин кырсыктын күбөсү SUPER.KG'ге өрт тууралуу маалымат берген.