ЭЛДИК КАБАР: "Өрт өчүргөнү келген унаанын суусунун баары сыртка агып калды" дейт окурман

Бүгүн "Ош базары" тарапта жайгашкан турак үйдө өрт кырсыгы катталып, өрт өчүрүү кызматы келип милдетин аткарып кетти. Ушундай шартта да өз ишин жасап жаткан өрт өчүрүүчүлөргө рахмат. Мындай оюн окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди. Анын айтымында суу өтүүчү шлангдар тешик болгондуктан, суунун көбү өрт болуп жаткан жерге жетпей агып калган.

"Өрт өчүрүү кызматы удаа жайгашкан эки үйдөгү өрттү өчүрүүгө келишти. Алар сууну унаадан алып өтүүчү шлангдары тешик болсо да иштеп жатышты. Эгерде ошол жабдыктары бүтүн, жаңы болгонунда үй ээлерин зыян тарттырбай эртерээк өчүрүшмөк. Дагы жакшы, кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Эгерда адам өмүрүнө коркунуч жаралып турган жагдай болсо, ушинтип жыртык-тешик жабдыктары менен келишсе сактай албай деле калышчудай. Жок дегенде өкмөт ушул ӨКМдин өрт өчүрүү кызматынын жабдыктарын жаңылоо боюнча иш алып барышса боло? Айтканга сөз жетпейт, каңырыгың түтөйт", - деди окурман.

Белгилей кетсек, бүгүн 1-апрелде Б.Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан №57 А жана №57 Б турак үйлөрүнөн саат 15:30да өрт чыккан. Өрттү өчүрүү үчүн 3 бөлүм жана штаб, атайын ыкчам топ тартылган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар болгон эмес. Өрт 17:47де толугу менен өчүрүлгөн.


Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Өрт өчүрүү кызматынын унаалары кейиштүү абалда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shef87
2019-04-01 21:35:04
Мемлекет
0
bond02
2019-04-02 01:05:31
Позор!!!
+1
asman.81
2019-04-02 07:48:22
Ичин жарса,чоңдордун курсагынан чыгат.
0
sely
2019-04-02 13:00:56
Ооба ошол шартка чыдап иштеп жаткан куткаруучуларды айтсанар. Айлык маянасына Адам эмес мышык ыйлайт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан