Санкт-Петербург шаарындагы дарыянын жээгинен эс-учу жок абалда табылган Кыргыз жараны каза болуп калды

1-апрелге караган түнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Дудергофка деп аталган дарыянын жээгинен 49 жаштагы Кыргыз жараны эс-учу жок абалда табылган.

Орусиялык ЖМКлар айтылган дарекке полиция жана "Тез жардам" кызматы чакыртылып, ал №15 шаардык ооруканага жеткирилгенин бирок өзүнө келбей каза болуп калганын жазышууда. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, ал сууга түшүп кеткен.

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги аталган шаардагы диаспора өкүлдөрү менен факты боюнча толук маалымат алуу жана каза болгон адамдын жакындарына жардам көрсөтүү боюнча иштеп жатканын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tyrgon
2019-04-02 11:14:18
Кыргыз элчилик олукту алп кеткенге эле иштеп калышканбы?
+3
taalay25
2019-04-02 15:57:05
tyrgon,ким айтты мейитти алып кеткенге иштейт деп? Мигранттар оз кучу менен эле алып кетишет дайыма! Элчилигинден эч кандай жардам болгонун уккан деле жокмун. Олду биздин жаран деген эле справка даярдап берип ММКларга потверждение эле бергени болбосо
+1
jyldyzay
2019-04-03 02:36:14
Бироо келип сурады деп уга элекмин элчиликтен калпты окшотупсунар. Элден айланса болот. Чуркап журуп акча чогултуп жатышат. Биздин айылдан болот. Жакындарына сабр берсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан