Санкт-Петербургда дагы бир Кыргыз жараны жол кырсыгына кабылып каза болду

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында бир канча унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, кырсык 30-март күнү эртең менен шаардагы Невский жана Литейный деген көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

Сүзүшкөн унаалардын бири Фольксваген Поло унаасын 1978-жылы туулган Т.У. аттуу Кыргыз жараны айдап бара жаткан. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болсо, жанында бара жаткан 37 жаштагы бир тууган иниси Т.С. жаракат алган. Жаракат алгандар дароо ооруканага жиберилип, жол кырсыгы боюнча кылмыш иши ачылган.

Элчилик каза болгон жарандын сөөгүн өзү туулуп-өскөн Чоң-Алай районуна жиберүү үчүн Орусиядагы Кыргыз жарандары тарабынан керектүү акча чогултулганын, эртең учак аркылуу жиберилерин маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
moskyrsat
2019-04-02 02:39:59
Арты кайрымдуу болсун
0
asman.81
2019-04-02 07:45:06
Орусиядагы кыргыз жарандары топтогон акчага жонотушот экен,маркумду.Элчилик кыргыз жарандарын коргой албаса,маркумдарды жоното албаса не кылып отурат,жоюлушу керек.Кыргыздар каерде болсун абайлагылачы!
+6
Malywka90
2019-04-02 11:28:21
asman.81,туура айтасыз уялбай кыргыз жарандары чогулткан акчага дептир учи уят
+3
Shahrizaada
2019-04-02 13:50:05
Чет жерде каза болгондорго мамлекет тарабынан акча болунуп бериле турган мыйзамы ишке ашты беле жанылбасам. Соокту жиберууго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан