Жогорку Кеңеште Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы тууралуу маселе каралат

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу тууралуу мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Маалыматты саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев берет. Аталган мыйзам долбоорунда Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын ачылышы, анын бирдиктүү иштелиши жана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши боюнча чаралар камтылган. Маалыматка ылайык, оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Ошону менен бирге түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Ошондой эле 3 жыл аралыгында башкы дарыгер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан