Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева маалымат жыйында 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылууга айыпталган судья Эрнис Чоткараев тууралуу оюн айтты.
"Бул ишти текшерүүгө учурда Жогорку Соттун судьялары катышып жатат. Архивдер каралууда. Бул окуя күтүүсүз, кайгылуу болду десек да болот", - дейт Калиева.
Окуянын чоо-жайы:
Судья Эрнис Чоткараевдин үстүнөн 2018-жылдын октябрь айынын соңунда Жогорку Соттон Судьялар кеңешинин дисциплинардык кеңешине мыйзамсыз иштерге барганы боюнча арыз түшкөн. Эрнис Чоткараев үстүнөн түшкөн арыздардан улам Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагалыгынан бошотулган. Айрым маалыматтарга караганда, Чоткараев өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. Чоткараев жана Октябрь райондук соттун башка кызматкерлери 4 миллион 711 миң сомду алдамчылык жолу менен өзүнө ыйгарып алууга да шектелишкен. Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берилген.
11-мартта Эрнис Чоткараев 1300 документти жок кылган деген маалыматты SUPER.KG'ге жактоочу Майрамбек Жумабеков билдирген.