Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева маалымат жыйын өткөрдү. Журналист Жогорку Сот буга чейин өйдө жакты карап чечим чыгарып келгенин айтты. Ал "Учурдагы сот өйдө жакты карабайбы?" деп Жогорку Соттун төрайымынан сурады.
Гүлбара Калиева "биз өйдө жакты, Кудайды карайбыз" деген жооп кайтарды. Ошону менен катар эле Калиева маалымат каражаттары менен мындан ары ачык-айкын иштешкенге аракет кыла турганын билдирди. Анын айтымында, соттордо реформа жүрүп жатат. Ал белгилегендей, жаңы имараттар салынып, эскилер оңдолууда.