Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору талкууланууда.
Талкуу учурунда депутат Акылбек Жапаров "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзам долбоору Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын да коргоосу керектигин айтты.
"Кыргыз өлкөсүнө келген өнөктөштөр биздин экономикалык да кызыкчылыгыбызды колдошу керек. Ал эми Экономика министрлиги сунуштап жаткан бул мыйзам долбоорунан биздин өлкөнүн кызыкчылыгын көрө албай жатам. Ошондуктан аталган мыйзам долбооруна редакциялык оңдоо киргизүү керек", - деди эл өкүлү.
Экономика министри Олег Панкратов мыйзам долбоорун Кыргыз мамлекетинин экономикасынын өсүүсүнө багытталып жазылганын билдирди.
Аталган комитеттин депутаттарынын көпчүлүгү "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзам долбоору Кыргыз мамлекетинде иштебейт деген пикирлерин айтышты.
Бул мыйзам долбоору тармактык комитетте экинчи окууда каралып жатат.