Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Жыйында "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.
Аталган мыйзам долбоору тууралуу баяндаманы экономика министри Олег Панкратов жасады.
"Жарнак жөнүндө" мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатабыз. Анда спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салуу жана "жарнак" деген сөздү "жарнама" деп өзгөртүүдөбүз", - деди Панкратов.
Аталган мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда депутат Акылбек Жапаров Беларуста жарнактарда кыздардын сүрөтү илинерин айтып, Кыргыз мамлекетинин жарнактарына дагы сулуу айымдардын сүрөтү менен чыгаруу керек деген сунушун берди.
Депутат Эльвира Сурабалдиева жарнактарда балдардын жана чиновниктердин сүрөтүн чыгарбоо керектигин белгиледи.