Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
Талкуу учурунда депутат Азамат Арапбаев ишкерлерди текшерүүнү азайтуу керек экенин айтты.
"Тамак-аш менен алектенген ишкерлерди текшерүүгө алса болот. Анткени тамак-аш бузулуп кетиши мүмкүн. Бирок башка ишкерлерди баса калып эле текшере бербей текшерүүнү токтотуу керек", - деди эл өкүлү.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Кыргыз мамлекетинде керектүү жабдуулары жок ишкерлик менен алектенгендер бар экенин билдирди.
"Ишкерлерди такыр текшербей койсок дагы болбойт. Мисалы, биз тажрыйбабызда көп эле ишкерлер өзүндө жок жабдууларды текшерүү келет деген күнү бирөөдөн ижарага алып келип коюшканын көрдүк. Текшерүү кеткенден кийин кайра беришет. Минтип отурсак биздин ишкерлердин иши алдыга жылбайт", - деди төрага.
Аталган мыйзам долбоорунун концепциясы тармактык комитетте жактырылды.