"Апрель" телеканалы 1 жашта. Эфирдеги кызыктар, сырлар, ыйлар...

"Апрель" телеканалы 1 жашта. Бир жыл мурун эфирге чыккан бул телеканал аз убакыттын ичинде өлкөдөгү топ жарган медиа айдыңына айланарын ал учурда эч ким билбесе керек. Учурда телеканалда жалаң гана кесипкөй, өз ишин мыкты билген адистер эмгектенип, ары салмактуу, ары кызыктуу берүүлөрдү даярдап келет.

SUPER TV 70тен ашуун кызматкер эмгектенген “Апрель” телеканалын туулган күнү менен куттуктап барып, ал жерде берүүлөр кантип, кандай жагдайда эфирге даярдала турганы менен таанышып келди.

Аталган телеканалда эң алгачкы болуп эфирге чыккан "Таң эрте" берүүсү. Аталган берүүнүн үстүнөн кыргыз-орус редакциясында иштегендер биригип, жалпы 16 адамды түзөт. Алып баруучулар эртең менен экранга жаркылдап чыкканы менен ага чейинки түйшүккө: уйкудан ойгонуу, үндү калыпка келтирүү, бетке макияж коюу өңдүү аракеттер кире турганын айтышат. Алар ар бир жумуш күнү кантип башталарын жана эң алгач эфирге чыккан күндөгү кубанычтын көз жашын эстеп, бир жылмайып алышты.

SUPER KG порталы "Апрель" телеканалын туулган күнү менен куттуктайт! Телеканалдын ар бир кызматкерине чыгармачылык эргүү, түгөнбөс идея каалап, узак жылдар бою эл үчүн кызмат кылуусуна тилектеш.

"Апрель" телеканалы, андагы берүүлөр жана кызматкерлер тууралуу даярдалган сюжетти төмөндөгү видеодон көрө аласыздар.

“Апрель” телеканалы 1 жашта. Эфирдеги кызыктар, сырлар, ыйлар...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2019-04-02 22:43:15
Кут болсун! Иштериңерге ийгилик! Көрөрмандарыңар көбөйө берсин!!!
0
monster_high_98
2019-04-03 01:36:59
Эрулан Кокуловдун беруусу мн таанысам керек бул каналды.Ийгилик
+4
nargiz-sa
2019-04-03 14:50:50
Сентябрь каналын куч мн жаап салышып апрель каналын ачкан да АША
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан