26-июлда Чолпон-Ата шаарындагы өткөн улуттук ат оюндарынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди. Оюндардын жалпы байге фонду 500 000 сомду түзгөн. Анда кунан жорго, кунан чабыш, бышты жорго, топ байге, жорго салыш, аламан байге оюндары болуп өттү.
Улуттук ат оюндарынын жеңүүчүлөрү:
Кунан жорго, 3600 метр аралыкка чабышуу, 9 атаандаш:
1-орун - Баритон, 2 асый, саяпкери Сыймык Аламанов, Ысык-Көл облусунун, Тоң району;
2-орун - Гориславна (Орусияда туулган), 2 асый, саяпкери Мыктыбек Шерматов, Москва району;
3-орун - Таңпери, 2 асый, саяпкери Муратбек Бакасов, Ысык-Көл облусу, Тоң району.
Кунан чабыш, 9000 метр аралыкка чабышуу, 24 атаандаш:
1-орун - Зайка, 2 асый, саяпкери Керим Өмүралиев, Нарын облусу;
2-орун - Пальмира, 2 асый, саяпкери Таалай Бурганаков, Чолпон-Ата шаары;
3-орун - Симони (Чехияда туулган), 2 асый, саяпкери Бактияр, Бишкек шаары.
Бышты жорго, 5400 метр аралыкка чабышуу, 6 атаандаш:
1-орун - Барон, 3 асый, саяпкери Сыймык Аламанов, Ысык-Көл облусу, Тоң району;
2-орун - Таблетка, 3 асый, М.Бакасов, Ысык-Көл облусу, Тоң району;
3-орун - Айкашка, 3 асый, Камчы Ургазиев, Ысык-Көл облусу, Ысык- Көл району, Бостери айылы.
Топ байге, 12 600 метр аралыкка чабышуу, 13 атаандаш:
1-орун - Аэрбас (Орусияда туулган), 4 асый, саяпкери Таалай Бурганаков, Чолпон-Ата шаары;
2-орун - Таңсулу (Польшада туулган), 4 асый, саяпкери Мирлан Батыркулов, Казакстан;
3-орун - Гүлсана 4 асый, саяпкери Алмаз Уржанов, Чолпон-Ата шаары.
Жорго салыш, 9000 метр аралыкка чабышуу, 17 атаандаш:
1-орун - Олбур, 8 асый, саяпкери Сыймык Аламанов, Ысык-Көл облусу, Тоң району;
2-орун - Акбар, 9 асый, саяпкери Мырза Үчкурткаев, Ысык-Көл облусу, Ысык- Көл району, Бостери айылы.
3-орун - Вильбурн (Орусияда туулган), 5 асый, саяпкери Дамир, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы.
Аламан байге, 18 000 метр аралыкка чабышуу, 17 атаандаш:
1-орун - Барс, 7 асый, саяпкери Тимченко Андрей, Казакстан;
2-орун - Карина, 3 асый, саяпкери Айбек Сатыбалдиев, Нарын облусу, Ат-Башы району;
3-орун - Сайма, 3 асый, саяпкери Таалай Бурганаков, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата.