Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен тамактанып жаткан видеосу тарады

Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү менен тамактанып жаткан видеосу тарады. Анда Курманбек Бакиевди, анын оң жагында отурган бир эркек киши, аял жана эки кызды, сол жагында үч кыз, өспүрүм баланы көрүүгө болот. Ал аял ырчы жана Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева. Ошондой эле Орозгүл Токторбаеванын ары жагында отурган, кадрда чачы гана көрүнүп турган адам, анын күйөөсү Жаныш Бакиев деп болжолдоого болот.

Ашпозчу аларга козунун бышырылган этин кесип берип жатканы тартылган. Ашпозчунун кийиминде Беларустун желеги тигилгенин көрүүгө болот.

Курманбек Бакиев 2010-жылы аялы Назгүл Төлөмүшова жана бир кыз, бир уулу менен Кыргыз өлкөсүнөн чыгып Беларуска кетишкен. Саясий качкын катары аталган өлкөдөн башпаанек алып, алгач президенттик резиденцияда жашап жүрүшкөнү айтылган. Кийинчерээк башка үйгө көчүп барышканы маалым болгон.

2001-жылы туулган кызынын аты Лейла болсо, Данияр аттуу уулу 2004-жылы туулган. Болжол менен төмөнкү сүрөттөгү телефон кармап отурган бийкеч Курманбек Бакиевдин кызы.

Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева кезинде "Достор" тобунда ырдачу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
Asanovna1805
2019-04-03 00:35:54
Канча кишинин убалына калды.Канчалаган омурлор кыйылды. Кыйын президент болсо эч качан элинен качмак эмес!!!
0
Aidarov1988
2019-04-03 04:56:11
Элдин тушунугу жок окуп отурсам. Ким кандай Аллахым озу билет. Ыссык жан тамактанатда анын эмнеси кызык. Мен деле тамактанам кунуно 3 жолу.
0
Aikaaaa
2019-04-03 06:04:03
Бакиев убагында кыргыздын камчыга сап жигиттерин өлтүрткөн. Ошол эле Б. Эркинбаев, Р. Санатбаев, Р. Акматбаев. Алар болгондо өзбек кыргыз чыры болмок эмес. 90 го жакын жигиттин канын төктү ХХХ
+5
altyn7776
2019-04-03 10:39:08
Aikaaaa, ХХХХХ? Акматбаев оз олумун тилеп эле алган. Кара болуп туруп премьер министрге чык тумшугуну канжалатам деп бакырса анан олтурушту да!
-2
aiba_00
2019-04-03 08:58:12
Бакиев кыйын эле дейсинер туну мн свет очургону жакчы го элдерге, мегакомдо маяк кетсе эле алтымыш тыйын алганын унутуп калдынарбы? Кудайды карасанар ай бир туугандары баласы укум тукуму мн Кыргызстанды тарп кылып эле жеп атканын баарыбыз эле билебиз го анан жан тартып эле журосунор. Жоголсун ошондон ары туулган жерине короалбай зар болсун.
+1
thirteen
2019-04-03 10:09:29
Bakiev is the best president, respect.
-2
admin_portal
2019-04-03 10:57:09
thirteen, портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайбыз.
+1
altyn7776
2019-04-03 10:35:18
Бут бийлик колунда туруп Атамбаев колунан ХХХХ келбей койду го. Керек болсо Белорусия менен алаканы толук узуп салыш керек болчу Бакиев учун. Эми аш чайнайбы, таш чайнайбы озунун иши.
-4
katerina.li
2019-04-03 10:41:22
Арам тамактар,аш болбосун ичип жегенинер
-1
milan-707
2019-04-03 10:44:38
Кыргызстан татуктуу президент Бакиев болгон Ким жамандаса ХХХХ
+4
admin_portal
2019-04-03 10:48:58
CEO1, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга, кимдир бирөөнүн жеке адамдык аброюна шек келтирүүгө, айтышууларга жол берилбейт. Бир нече жолу эскертилгенине карабай эрежелер бузулуп, эскертүү сызыгы толгондугу үчүн Түбөлүк БАН!
+3
taalay25
2019-04-03 12:53:27
admin_portal,СЕО1, биротоло кеттиби??)
+2
milan-707
2019-04-03 13:10:26
taalay25,туболуко Кети эртен СЕО2 деп башка аккаунт ачып алат
+1
admin_portal
2019-04-03 10:56:26
Munarka, жарнама иретинде билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. БАН!
0
milan-707
2019-04-03 11:00:05
СЕО1_туболуко пока
+4
Baktiyar731
2019-04-03 12:25:25
Кылган кылмышы болсо Жараткандын алдында жооп берет! Силер эмне эле бири-бириңерге жаман көрүнөсүңөр, бириңер боктоп, бириңер актап?! Жамандап же мактаганыңар менен анын кылын да кыйшайта албайсыңар, адамдагы эң жаман сапат кекчилдик, алардын кеткенине 10 жылга аяк басып жатат, токтоткула эми кек сактаганыңарды.
+4
shankol88
2019-04-03 12:29:02
CEO1 жакшы болдуда өзү баарынале киришеберет еле... эл өзүн өзү багып келетат менимче...башка өлкөлөргө караганда биздин элбаашыларга ишиениш кыйын...баарыле жейт даа...
+2
Farhat25
2019-04-03 14:27:58
Курган кыргызым ай баягы эле болунмой.Трайбализм жоголмойун кыргыз онолбойт. Себеби биздин жердеш деген бир балакет оору бар. Биз ошону жок кылып сен Оштук сен Нарындык дебестен биз кыргыз деп жашашыбыз керек. Эмки жылкы парламенттик шайлоодо биз кыргызбыз деп . Жерине карабай дээрине карап добуш берели туугандар.Бакиевда Акаевда Атамбаевда кыргызга бир кыпындайда жакшылык кылган жок . Жээнбековделе ошолордун бири экенин бир жарым жылда корсотуп койду.
+1
Begimay.emir1
2019-04-04 00:14:36
Уй-булоосу мн бактылуу омур сурсун. Политиканы, озунунун ишин мыкты билген адам деп билем
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан