Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдына пикетке чыккан активист Нурлан Карымшаков милиция тарабынан үй-бүлөсүнө карата кысым көрсөтүү улантылып жатканын айтып чыкты.
Карымшаков мындай маалыматты SUPER.KG'ге тастыктап, басым өз үй-бүлөсүнө гана эмес, жубайы экөөнүн жакындарына чейин болуп жатканын билдирди.
Ошондой эле 28-29-март күндөрү Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери алардын тааныштарына барып, үй-бүлөнү каралоо максатында "алар АКШнын чалгынчылары", "Сирия менен байланышы бар" деген маалыматтарды беришкенин белгиледи.
Карымшаков жубайы Гүлназ Имаева экөө 27-март күнү колдорунда "Путин - оккупант, агрессор", "Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок" деген жазуусу бар плакаттарды кармап пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кетип, Жаза кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу камоочу жайга камакка алышкан. Бир күндөн кийин соттун чечими менен үй камагына чыгышкан.
Ал эми ошол учурда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы жубайлардын үйү тинтүүгө алынып, андан 16-калибриндеги мылтык, 1 банка ок-дары, 10 ок жана 17 миң 600 доллар табылганын кабарлаган. Табылган буюмдарды кармоого уруксат берген документтери болгон эмес. Андан сырткары жубайлар 2019-жылдын 30-июлуна чейин ачылган визанын негизинде 21-25-март күндөрү Мексикага барып келишкени аныкталган.
Укук коргоочу Рита Карасартова Карымшаковдун үйүнөн табылган акча жана курал-жарактар боюнча ошол учурда SUPER.KG'ге түшүндүрмө берген. Анын айтымында, акча жубайлардын эски үйүн сатуудан түшкөн каражаты болсо, мылтык жана ок-дарылар Карымшаковдун атасыныкы болгон.
"Карымшаковдун атасы айлана-чөйрөнү коргоо тармагында иштегендиктен, мылтык ошол кишиники болгон экен. Атасынын каза болгонуна 18 жыл болсо, ошол учурдан бери пайдаланылбай эле турган. Тийиштүү документтери бар", - деген Карасартова.