Нариман Түлеевдин жактоочусу сотто судьяны алмаштырууну суранды

Бүгүн, 29-июлда Нариман Түлеев боюнча өтүп жаткан соттук отурумда жактоочу Татьяна Чернякова судья Аман Сариевди алмаштыруу керектигин билдирди. Айтымында, соттук териштирүү учурунда процессуалдык мыйзам бузуулар болду. “Соттук отурумда айыпталуучулардын тарапташтарынын өзүн алып жүрүүсү жакшы болду.  Эч ким митингге чыккан жок, ага карабастан 26-июлда Ленин райондук сотунун тегерегин милиция кызматкерлери менен курчатып, соттук отурумга кирген адамдардын баарын текшерип жаттыңыздар. Ошондуктан судьяны алмаштыруу керек”,- деди жактоочу. Анын мындай сунушун башка жактоочулар да колдошту. Судья Аман Сариев бул сунушту кароо үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан