Кечээ, 2-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Анда эркин экономикалык аймактардагы ишкердик ишмердүүлүгүнүн келечеги жана көйгөйлөрү талкууланып, бажы алымдарын төлөөнү камсыз кылуу үчүн кепилдик системин киргизүүнү ишке ашыруу маселелери да көтөрүлдү. Ошондой эле ишкердик ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзамдарга баа берүү боюнча ченемдерди ишке ашыруу маанилүүлүгүн каралды. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, тиешелүү министрликтер менен мекемелердин жетекчилери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү катышты.
Алгач кеңештин мүчөлөрү инвестицияны көбөйтүү менен атаандаштыкка туруктуу инновациялык технологияларды жайылтуу үчүн “Эркин экономикалык аймактар” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгына токтолушту. Мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу менен эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгүн изилдөө багытында атайын эксперттик топ түзүүнү сунуштаган жыйындын катышуучулары эл аралык тажрыйбаларды да эске алуу керектигин белгилешти.