Бүгүн, 3-апрелде Улуттук кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов Чүй облусундагы Москва жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү убактылуу кармоочу жайларынын сүрөтүн жарыялады. Сулаймановдун айтымында, убактылуу кармоочу жайларды борбордун кызматкерлери улам-улам кыдырып турушат. Бул жолу Жайыл жана Москва РИИБинин убактылуу кармоочу жайлары менен таанышып, жаңы кодекс күчүнө киргенден тартып анда кармалгандардын саны азайганын билдирди. Айтымында, учурда Москва райондук убактылуу кармоочу жайда 1, Жайыл районундагы убактылуу кармоочу жайда 2 адам бар жана анда кармалгандардын санынын азайышы жакшы көрүнүш.
"Бирок андагы шарттар жакшы эмес. Мисалы, Москва РИИБиндеги убактылуу кармоочу жайда ар бир камерада санузел болгону менен алар иштебейт. Кармалуучулардын жуунууга шарты жок, муктаждыктарын адамга ылайыкташкан шартта аткарууга мүмкүнчүлүк жок. Терезелер жок болгондуктан желдетүүгө да шарт жок, жасалма желдетүү иштебейт. Сүрөттөрдө көргөндөй, анда жайкы жуунуучу жай бар, алардын да абалы жакшы эмес.
Ал эми Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайында дары-дармек кутусунда болушу керек делген 18 дары каражаттардын жарымынан көбү жок. Шарттары жогоруда айткандай эле", - деп жазылат Сулаймановдун маалыматында.