Буга чейин Кыргыз жеринде билим алып келген 45 кытайлык кыргыз студенттер Кытайга кеткен боюнча дайыны жок болуп жатканы кабарланган. Алардын арасында манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалы дагы болгон. Бүгүн, 3-апрелде Тургунаалы Турсунаалынын Бишкекте жүргөн жакын досторунун бири Табылды Муратбеков аны менен байланыш болгонун, баары жакшы экенин айтканын жазды.
"Акыркы күндөрү жергиликтүү жана дүйнөлүк маалымат каражаттарында кытайлык кыргыз студенттери тууралуу түрдүү маалыматтар тарап жатат. Башка боордошторубуздун абалына жооп бере албайм, бирок Тургунаалыда баары жакшы. Мурда жазгандай үйлөнгөн жана азыркы учурда Ак-Чий аймагындагы "Манас" изилдөө борборунда иштеп жатканын айта алам.
Коомчулукта түрдүү кептер тарап жатканынан мен да чочудум. Тааныштар аркылуу байланышууга аракет да кылдым. Белгилүү себептерден улам түз байланыша элекпиз. Ишенимдүү агаларымдын бири бүгүн эртең менен WeChat аркылуу сүйлөшкөнүбүздө көрүп, баары жайында экенин айтты. Буюрса Кыргыз өлкөсүндө окуусун улантууга кызыкдар экенин да билдириптир", - деп жазды Табылды Муратбеков.
Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта Кытайда жашаган этникалык кыргыздар "кайра тарбиялоочу лагерлерге" жиберилип, кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Кытайлык кыргыздарды колдоо комитетинин өкүлү Алмамбет Осмон уулу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн уюштурулган маалымат жыйынында 50 миңдей этникалык кыргыздар камакта жатканын билдирген.
5-декабрда Бишкек шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдында Кытайдагы "кыйноого кабылды" делген этникалык кыргыздардын абалын билип, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусун бийликтен талап кылган митинг өткөн.
17-декабрда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына кыйноого кабылды делген кытайлык кыргыздардын туугандары чогулуп, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.