Ош облусу боюнча Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборундагы чарба жумушчулары январь айынан бери акы төлөнбөгөн өргүүдө. Бул канчалык деңгээлде мыйзамдуу? Ушундай суроо менен "ЭЛДИК КАБАРГА" окурман кайрылды.
"Жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча ар түрдүү иштерди кылышат: дамба курушат, аны куруу үчүн тор түйүп таш тизишет, жер көчкү, кар көчкү жана башка кырсыктардын кесепетин жоюу иштерин аткарышат. Ушундай иштерди жасаган 30дай жумушчу январь айынан бери акы төлөнбөгөн өргүүдө жүрүшөт. 3-ай бүтүп, 4-айга кетип жатат. Жетекчилиги менен башкы эспчисине барышса, "чыдап тургула" деп коюптур", - дейт окурман.
Ал белгилегендей, аталган 30дай адам кадимкидей эле эмгек келишими менен иштеген кызматкерлер. Эмгек китепчеси ачылып, ай сайын айлыгынан салык жана социалдык камсыздоо төлөмдөрүн төлөп келишет. Жетекчилиги аларга эмне себептен акы төлөнбөгөн өргүүгө чыгарылышканы тууралуу түшүнүктүү маалымат берген эмес. Учурда алар жумушсуз жүрүшкөнүн кошумчалады окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.