Кыргызстандык ырчы Айбек Бакытбеков “Жаңы толкун-2013” фестивалында 12-орунду ээледи

Юрмалада өткөн 3 күндүк “Жаңы толкун-2013” фестивалынын жыйынтыгында кыргызстандык ырчы Айбек Бакытбеков 12-орунду ээледи. Фестивалдын биринчи күнүндө ал Жорж Бендсондун "Nothing gonna change my love for you" ырын аткарып, 109 упай топтогон. Экинчи күнү ырчы украиналык Жамал аттуу ырчы менен “Smile” аттуу ырды бирге аткарып, 110 упайга ээ болгон. Ал эми фестивалдын акыркы сынактык этабында “Махабатым” аттуу кыргызча ырды аткарып, дагы 110 упай чогулткан. Жыйынтыгында Айбек Бакытбеков 329 упай топтоп, 12-орунга татыды. Сынакта 1-орунду кубалык ырчы Роберто Кел Торрес багынтты. 2-орунду грузиялык Саломе Катанадзе ээлесе, 3-орунга вьетнамдык Вин Хват татыктуу болду. Фестивалга 16 өлкөнүн ырчылары катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mayoral
2013-07-29 10:56:32
Кыргызстан ды артта калды дейм деп озу артта калган тура...
+1
ABS
2013-07-29 11:12:32
Кыргызстан өзү менен өзү болгон, артта калган өлкө
деп айтсын мейли бирок башка жерден башка элде ушинтип айткан болбойтко дейм же наркоти чегип алганбы ойтор билбейм эмне дешти бирок бул бала биздин олкобузду коргобой эле биздин олкону уяткылган учун баргангоо деп калдым !!!
+1
Debi
2013-07-29 11:27:51
Конкурска барып, ошол сахнада ырдаганы эле чоң ийгилик! Келечеги дагы алдыда, ийгилик каалайм!
-1
ХАНЗАДА
2013-07-29 13:20:09
Өзү 12 олко болсо керек, анын ичинде эле Орусиядан торт катышуучу жургон. Башында эле ээрге кыйшык отурду эле, ушул тепкичтен ойдо боло албады. Жылдызы бар экен,таланты бар экен, уну да бар экен, бирок ойлонбой суйлоп алган созу менен беделин тушуруп алды, эми кайра кайра кечирим сурап атат. Орунга илешпесе да "примитивная" деген созу менен жер орттоп турган убагы:)))Экинчи отото, зима не будет болду!
+1
aigulkg
2013-07-29 15:47:47
12орунду алса канча олко катышыптыр,кызык андан коро барбай эле койбоптур озун кыйын сезбей
0
ayaza
2013-08-14 15:13:57
Куттуктайм,дайым акыркы орундарды алып жур,бирок Кыргызстандын атынан чыкпа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан