Кытайлык кыргыз: "Атам менен жеңем тарбия лагеринен бошотулуп, калган туугандарыбыздан кабар жок болууда"

2018-жылдын соңунда Кытайда саясий лагерлерде кармалган этникалык кыргыздар бошотула баштаганы кабарланган. Бирок Бишкек шаарында жашаган кытайлык кыргыз Жусуп Малик уулу SUPER.KG'ге жакын туугандарынын көпчүлүгү дале лагерде кармалып, дайыны билинбей жатканын билдирди.

Ал атасы менен жеңеси лагерден бошотулуп, учурда үйүндө жүргөнүн, агасы жана өзүнүн жубайынын ата-энеси лагерде экенин кошумчалады.

"Жаңы жылдын алдында көпчүлүк кыргыздар лагерден бошотулган болчу. Алардын арасында менин атам жана жеңем бар эле. Байланышка чыгып сүйлөшкөнбүз. Бирок азыр алар үйдө болгону менен да таптакыр сүйлөшө албайбыз. Себеби телефон чалсаң трубканы коюп салышат. Мурун WeChat аркылуу байланышып калчу элек. Азыр ал жактан да чалып, атыңды айтканда эле өчүрүп салышууда. Алар "силер менен байланышсак кылмыш болуп саналат" деп коркушууда.

Ошондуктан Бишкекте окуп жатып каникулга кеткен студент балдар менен да байланыша албайбыз, кабарыбыз жок. Билишимче көпчүлүк кыргыздар ошол лагерде. Мисалы өзүмдүн агам, жубайымдын ата-энесинен такыр кабар жок. Ал эми агасы бир жылга соттолуп кетиптир деп укканбыз", - деди Малик уулу.

Буга чейин Кыргыз жеринде билим алып келген 45 кытайлык кыргыз студенттер Кытайга кеткен боюнча дайыны жок болуп жатканы кабарланган. Бүгүн, 3-апрелде алардын бири, манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Турсунаалынын дайыны билинди. Ал дагы Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жатып, 2018-жылдын күз айларында Кытайга кеткен болчу.

Өткөн жылдын ноябрь айынан тарта Кытайда жашаган этникалык кыргыздар "кайра тарбиялоочу лагерлерге" жиберилип, кыйноого кабылып жатканы тууралуу маалыматтар тараган. Кытайлык кыргыздарды колдоо комитетинин өкүлү Алмамбет Осмон уулу жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн уюштурулган маалымат жыйынында 50 миңдей этникалык кыргыздар камакта жатканын билдирген.

5-декабрда Бишкек шаарындагы Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдында Кытайдагы "кыйноого кабылды" делген этникалык кыргыздардын абалын билип, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусун бийликтен талап кылган митинг өткөн.

17-декабрда Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдына кыйноого кабылды делген кытайлык кыргыздардын туугандары чогулуп, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан