АФК Кубогу: "Дордой" беттештин акыркы көз ирмемдеринде жеңишти колдон чыгарып жиберди (хронология)

Кутмандуу кечиңиздер менен ардактуу футбол күйөрмандары! Бүгүн 3-апрелде АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алкагындагы Кыргыз өлкөсүнүн "Дордой" клубу түркмөнстандык "Алтын Асыр" клубун кабыл алууда. Беттеш саат 20:00дө башталып, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алды. SUPER.KG порталы бүйүр кызыткан беттешти онлайн чагылдырат. Андыктан биз менен бирге болуңуздар!

19:19. Алгач эки команданын негизги курамы менен таанышып алыңыздар.

"Дордой" клубу:

Айзар Акматов
Мустафа Юсупов
Курсанбек Шератов
Бекжан Сагынбаев
Кайрат Жыргалбек
Фархат Мусабеков
Антон Землянухин
Вахид Орозшахедов
Павел Матяш
Артур Валикаев
Мирлан Мурзаев

Башкы машыктыруучу - Александр Крестинин.

"Алтын Асыр" клубу:

Маммед Оразмухаммедов
Зафар Бабажанов
Мекан Сапаров
Алтымурад Аннадурдуев
Селим Нурмурадов
Мурат Якшиев
Ресул Хожаев
Мекан Ашыров
Гурбангелды Батыров
Сердар Гелдиев
Аннаев Мурат

Башкы машыктыруучу - Язгулы Хожагелдиев.

19:28. Командалар беттеш алдындагы машыгууларын өткөрүүдө.

20:00. Командалар оюн талаасына чыгып, калыстын ышкырыгы жаңырды. Топту оюнга коноктор кошту. "Дордой" көк, ал эми "Алтын Асыр" ак түстөгү формада ойнойт.

20:03. Алгачкы мүнөттө коноктор өз жарым талаасында топту башкарууда. Бирок чабуулга өтүү мүмкүнчүлүгү азырынча жок.

20:04. Бишкектик клубдун оюнчулары алгачкы жолу топко ээ болоору менен чабуулга чыкты. Биринчи жарым кооптуу абал түзүлдү.

20:06. Талаа ортосунда "Алтын Асырдын" оюнчуларына карата эреже бузуу болуп, айып сокку дайындалды. Бирок коноктор андан эч кандай майнап чыгара алышкан жок.

20:09. Эреже бузуу кезеги коноктордо. "Дордойдун" оюнчуларынын ылдам чабуулун атаандаштар буттан чалуу менен токтотту.

20:18. Кооптуу абал. "Дордой" клубунун оюнчулары ылдам чабуул уюштуруп, дарбазага 3-4 метр аралыктан сокку узатылды. Тилекке каршы коноктордун коргоочулары топту тосуп калды.

20:22. Бишкектик клубдун дагы бир чабуулу Мирлан Мурзаевдин алыстан узатылган соккусу менен жыйынтыкталды. Бирок топ дарбазадан өйдө кетти.

20:26. "Дордой" клубу үстөккө-босток чабуулдарын улантууда. 2 мүнөткө жакын аралыкта 3 жолу кооптуу абалды түзгөнгө жетишти. Бирок топ дарбазадан орун ала элек. Күйөрмандар футболчуларды колдоп жатышат.

20:30. Акыркы 15 мүнөттөн бери коноктор оңдуу чабуулга чыга элек. Ал эми талаа ээлери дээрлик ар мүнөт сайын атаандаштын дарбазасына жакындап келүүдө.

20:34 Кыргыз футболчуларына каршы орой эреже бузуу катталды. Бардыгы калыстын көз алдында болгондуктан коноктордун оюнчусу Зафар Бабажанов сары айып кагазын алды.

20:40. Беттештин алгачкы бөлүгүнүн жыйынтыкталышына 5 мүнөт калды. "Алтын Асыр" коргонуусун улантууда.

20:43. Коноктордун чабуулу орун алды. Дарбазага жалгыз чыгып барган чабуулчуну дарбазачы Павел Матяш токтотуп калды.

20:45. Гоооол! "Дордой" клубу оюн эсебин ачты. Мурзаевдин соккусу коргоочуга тийип барып Вахид Орозшахедовго келди. Дарбазачы менен жекеме-жеке чыккан Орозшахедов дарбазага топту таамай багыттады.

Беттештин алгачкы бөлүгү аяктап, футболчулар эс алууга кетишти.

21:10. Беттештин 2-бөлүгү башталып, топту ортодон "Дордой" клубунун оюнчулары кошту. Алгачкы мүнөттөрдө коноктор активдүүлүгүн көрсөтүп 2-3 жолу жарым кооптуу абал түзгөнгө жетишти.

21:13. Айып аянтчасына жакын жерден эреже бузулуп, "Дордойдун" оюнчулары айып сокку аткаруу укугуна ээ болду. Бирок Мирлан Мурзаевдин соккусу дарбазага жеткен жок.

21:14. Кыргыз футболчулары дагы бир жолу айып сокку аткарышат. Бул ирет топ менен Антон Землянухин.

21:15. Землянухиндин узатып берген тобун командалашы дарбазага таамай багыттады. Бирок "Алтын Асырдын" дарбазачысы топту тосуп кала алды.

21:20. Коноктор бурчтан чыгарып берүү укугуна ээ болушту. Көтөрүлгөн топ дарбазага түз багытталган жок. Топ бишкектиктерде.

21:27. Дагы бир кооптуу абал Артур Валикаевдин аткаруусунда орун алды. Жакын жерден узатылган соккуну коноктордун дарбазачысы менен коргоочусу экөөлөп тосуп калышты.

21:29. Фархад Мусабеков айып аянтчасында кулап түштү. Бирок калыстын пикири боюнча бул абал пенальти дайындоого татыбайт.

21:34. Акыркы мүнөттөрдө топту көбүрөөк коноктор башкарууда. Бирок кооптуу чабуулдар орун ала элек.

21:37. Коноктор талаанын ортосуна жакын жерден айып сокку узатты. Жаралган кооптуу абалды талаа ээлеринин коргоочулары көзөмөлгө ала алышты.

21:40. "Дордойдун" катарында алмашуу: голдун автору Вахид Орозшахедовдун ордуна 10-номердеги Муролимжон Ахмедов кирди.

21:45. Гол! Коноктор эсеп санын теңеди. Ылдам чабуулдун жыйынтыгында коноктор 3 жолу жакын аралыктан сокку узатып, үчөөнү тең Павел Матяш тосуп калды. Тилекке каршы топ 4-ирет да коноктордун бутуна кайтып келди. Эсеп 1:1.

21:48. Эсеп теңелгенден кийин коноктор убакытты созуу аракетин көрүшүүдө.

21:50. Беттештин негизги бөлүгү жыйынтыкталып, кошумча мүнөттөр берилди.

21:53. Калыстын ышкырыгы жаңырып, беттеш тең чыгуу менен аяктады. "Дордой" клубу оюн талаасында үстөмдүүлүгүн көрсөтүп жатты. Оюндун экинчи бөлүгүндө "Алтын Асырдын" оюнчулары активдүүлүгүн көрсөтүп эсепти теңей алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Bale1111
2019-04-03 20:30:11
Ийгилик алга Дордой
+1
Kristianuronaldu
2019-04-03 20:39:47
Алга дордой
+2
Tekecher
2019-04-03 20:45:13
Алгааа Дордоой
+2
interpol
2019-04-03 22:11:31
Ойун талаасын көрүп уяласың, көк майсаң эмей эле боп боз чаң, стадиондун чаңы сапырылат. Бир мамилекет болуп стадион салганга күчү жетпесе, каргыш тийгир чоң курсак карупсионерлер, каргыш тийгир чоң курсак эл башчылар. Ушунча элдин убалы баары силерге тийсин, бала чакаңардын жакшылыгын көрбөй калгыр уурулар. Ойунду көрүп отуруп уялдым, чаңы сапырылат. Качан оңолор экенбиз????
Көөөөөп нерсе айткым келди, катуу кетсем кечирим сурайм, чыдай албадым, куудулдар айткандай "шакарим" көтөр
+4
Munar90Munar
2019-04-03 22:17:09
Оюндары да 0 0 0 дагы бир жолу 0 0 0
0
Munar90Munar
2019-04-03 22:17:26
Стадионду айтпа соз жок
0
baiazat
2019-04-03 22:31:40
Даа стадион ващщее
0
urmat94
2019-04-03 23:12:55
Стадионубузга соз жок бизден башка бир да мамлекетте мындай стадион жок болсо керек суппппер стадион
+1
arawan
2019-04-03 23:15:09
стадион супер мезгилден артта калба болуптур
+5
Bekbosh
2019-04-03 23:35:12
Бул стадионго Ак Куула ат майданын көчүрүп келсек болчудайго, көк бөрү күйөрмандарына жакшы болмок хотя отуруп көрүп ырахат алмакпыз.
+3
4ikaGo
2019-04-04 13:39:37
Ийгилик аракет кылды жакшы эле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан