"Дордой" - "Алтын Асыр" беттешинде талаа ээлеринин жеңишти колдон чыгарып жиберишине оюн талаасындагы газондун таасири чоң болду. Мындай пикирин беттештен кийинки маалымат жыйынында бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы оюн талаасы мыкты даярдалган.
"Беттеш баарыңыздар көргөндөй кызыктуу болду. Биздин оюнчулар бир топ кооптуу абалдарды түзө алганы менен, жыйынтыктоочу этапта бир аз көйгөйлөр орун алды.
Газондун абалы да оюнга чоң таасирин тийгизди. Биз сапаттуу газонго муктаж экендигибизди көрүп турдуңуздар. Өткөн жылы Индия курама командасы менен ойногонубузда талаанын абалы абдан жакшы эле. Бирок жеңишти колдон чыгарып жибергенибизге талаа күнөөлүү эмес. Өзүбүз түзгөн мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланышыбыз керек эле.
"Алтын Асыр" өз стилинде узун пастар аркылуу жөнөкөй чабуул коюу менен ойнойт деп күткөнбүз. Баары биз күткөндөй болду, атаандаш бизге эч кандай табышмактуу оюн көргөзгөн жок. Демек, беттештин соңку мүнөттөрүндө жеңишти колдон чыгарып жибергенибиз үчүн жоопкерчиликти өз моюнубузга алышыбыз керек.
Павел Матяш бүгүн абдан жакшы оюн көргөздү. Азия Кубогундагы Павел башка, бүгүнкү Павел башка. Атаандаш эсепти теңеген учурда да бир нече жолу дарбазаны сактап калды. Матяш өз милдетин так аткарды. Анын аткарган жумушуна мен толук канааттандым", - деди Крестинин.
АФК Кубогунун тайпалык баскычынын алгачкы турунда орун алган "Дордой" - "Алтын Асыр" беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Мелдештин кийинки турунда бишкектик команда Тажикстандын "Худжанд" клубу менен беттешет. Оюн 17-апрелде Худжанд шаарында өтөт.