ӨКМ: "7-8-апрелде үшүк жүрүп, суу капташы мүмкүн"

Кыргыз өлкөсүнүн тоолуу райондорунда 7-8-апрель күндөрү үшүк жүрүшү мүмкүн экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-6-апрелде нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чүй жана Таласта кыян жүрүшү мүмкүн. Ал эми Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында дарыялар нугунан чыгып, суунун деңгээли көтөрүлөрү айтылган. Мындан улам аталган министрлик арыктарды жана каналдарды тазалоону эскертет.

Дыйканчылык аймактарда Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында сууктун күчү -3 градуска жетип, үшүк жүрүшү мүмкүн.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bonbonita
2019-04-04 19:52:40
кудай сактасын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан