Чүйдөгү диний окуу жайлар текшерилип жатат

Чүй облусундагы диний окуу жайлардын билим берүү сапатын, мекемелердин ал-абалын аныктоо максатында мониторинг жүргүзүүчү комиссия түзүлүп, Москва, Панфилов жана Жайыл районундагы диний окуу жайлар текшерилүүдө. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Комиссия мүчөлөрүнө диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешев жетектеген диний окуу жайлар бөлүмүнүн кызматкерлери, казынын орун басары, казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси жана райондун баш имам хатибдери киришкен.

"Бул үч райондогу текшерүү иштери эки күнгө созулуп, бардык райондордогу диний окуу жайлар текшерүүдөн өттү. Текшерүү учурунда окуу жайлардын абалы, окутуу программасы, мугалимдердин жана окуучулардын тиешелүү документтери каралды. Иш-чаранын аягында жалпы окуу жайларга баа берилип, айрымдары эскертүү алды", - деди казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Инхамали Эгембердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан