"Кыргыз-Казак чек арасындагы абалды телефон аркылуу сүйлөшүп койгон аздык кылат, чек арадагы унаалар жарым айдан бери турат", - деп бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев билдирди.
"Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөй бүгүн же кечээ чыккан жок. Чек арадагы унаалар 19-марттан бери турат, бүгүн 15 күн болуп жарым ай убакыт болду. "Бизнести колдойбуз, шарт түзөбүз" деп кыйкырабыз, бирок сөзүбүз менен жумушубуз дал келбей жатат.
Өкмөт жөн эле келип маалымат бере бербей, аткарылган иштер боюнча маалымат беришсин. 15 күндөн бери эмне иштер аткарылды, эмне себептен жыйынтык болбой жатат. Мындай болбойт да, телефон аркылуу сүйлөшүп койгон аздык кылат. Премьер болбосо вице-премьер барып туруп суранып, керек болсо ошол жерде жатышы керек. Өкмөттүн деңгээлинде маселени коюу керек.
Абал өзгөрбөсө бизнес жок болот, азыр канчалаган бизнесмендер чыгымга учурап жатат, товарлар туруп калды. Бул маселе бардык тармактарда талкуу болуп жатат, бирок бизде реакция жок", - деди Карашев.