Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы убактылуу маал-маалы менен жабылат

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайы 5-апрелден 12-апрелге чейин маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалымат боюнча жолдун жабылышы - таштарды кулатуу иштерине байланыштуу. Андыктан 5-апрелден 12-апрелге чейин аталган багыт боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Эгер жолдо 30-40 машина чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлүп турат. Ошондой эле таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан