Парламентте Орусиядагы кыргыз мигранттарынын убактылуу каттоого туруусу боюнча маселе жаралып жатканы айтылды

Бүгүн, 4-апрелде парламентте ар кандай маселелер саатында депутат Өмүрбек Бакиров Орусиядагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн айтып чыкты.

Эл өкүлү мигранттар которгон каражатка той-топурларды өткөрбөөгө чакырды.

"Орусияга барып кыргыз мигранттары менен жолугуп келдим. Алар бир топ маселелерди коюшту. Биринчи маселе, биздин мигранттар документтерин жоготуп алышса Орусиядагы Сахарово деген убактылуу кармоочу жайда 3 айлап жатышат экен. Анткени Кыргыз мамлекетинен тиешелүү документтер такталып, акча которулуп барганча арадан 3 ай убакыт өтүп жатыптыр.

Ал эми экинчи маселе, той жана өлүмгө кеткен ашыкча чыгымдарга бир добуштан каршы болушууда. Мигранттар кыйналып каражат таап Кыргыз мамлекетине салышат. Алар тапкан акчага биз той-топуларды өткөрүүдөбүз. Учурда тойдун саны өтө көбөйдү. Мындай ашыкча чыгымдарга бөгөт коюшубуз керек. Ошондуктан элге муфтияттан, айыл өкмөттөн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары Орусиядагы мигранттар үчүн эң көйгөйлүү дагы бир иш - убактылуу каттоого туруу. Жогоруда айтылган маселелерди чечүү үчүн Кыргыз өкмөтү Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мигранттардын убактылуу каттоого туруусу боюнча маселени чечип берүү керек", - деди Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
elchi84
2019-04-04 11:52:43
Вы ушундай маселелерди карасан силерге жарашыктуу иш каяктагы нерселерди ушакташпай.
+3
Jasa
2019-04-04 11:59:28
Чын эле регистрация жасоо аябай кыйнады,мурда жакшы болчу,иштеген дер бесплатно жасап берчу,
+3
Nazar76
2019-04-04 13:53:51
Бул нерсе айтылган бойдон калып кетет аягына чыгарыш керек
+2
nur_zhoni
2019-04-04 17:58:11
Россиянын жаны законуна ылайык эми жашаган уйго гана регистрация кылыш керек экен мурдагыдай иш кана завод Фабрика жана башка жерге прописка кылса болбойт экен
+1
brentfo
2019-04-05 00:59:01
Валодянын мыйзамын түшүнбөгөндөр көп окшойт али, бул мыйзам чыкканына канча болду, эми мен барсам каттоого дядя валодянын дачасына койдурам
+1
Altyn10076
2019-04-05 15:43:41
Москвада регистратсия кымбат 3500 р 3-айга жазатабыз ортодон эле ортомчулар иштейт, откондо уй эси менен суйлошуп жазатым 600р жазап берди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан