Депутат Ирина Карамушкина Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн короосуна көп кабаттуу үй курулуп жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде депутат Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Максаттуу курулуштарга жер тилке керек болгондо мэрия "жер тилке жок" деген жооп узатат. Ал эми "Аю курулуш" сыяктуу ири компанияларга жер тилке керек болгондо бат эле табылып калат. Мен бул курулушка каршымын", - деди депутат айым.