"Кудай алдында, ыйык мечитте туруп айтып жатам, мен таза иштедим" деди экс-президент өзү курдурган мечиттин ачылышында

Бүгүн, 4-апрелде Бишкек шаарындагы 7-кичи райондо жаңы мечит ачылды. Ал жалпы аянты 2 гектардан ашык жер тилкесине салынып, курулуш иштери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин каржылоосунда жүргүзүлгөн. 5 миң кишиге ылайыкташкан мечиттин ачылышына Алмазбек Атамбаев, Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек Токтомушев, дин аалымы Абдышүкүр Нарматов, дин кызматкерлери, шаар тургундары катышты.

"7-Апрель шейиттери" деп аталган мечиттин ачылышында алгач жалпы арбактарга багышталып куран окутулду.

Өз сөзүндө экс-президент 7-Апрель Кыргыз тарыхындагы маанилүү күн экенин белгилеп, президент болуп турганда аны майрам күн кылганын айтты.

"Бул күн тарыхта майрам катары калсын дедим. Албетте, ошол күнү жакындарын жоготкондор мени туура түшүнөт, бул дагы деле кайгылуу күн. 7-Апрель - Аксы окуясынан кийинки эле маанилүү окуя. Кудай алдында, ыйык мечитте туруп айтып жатам, мен таза иштедим. Бирөөнү пара бер же жамандык кыл деп эч качан айткан эмесмин. Буга Кудай, тарых күбө болот.

Ушул мечитке берилген жер тилке менин менчигимде 25 жыл турду, "мамлекеттин жерин берип койду" деп айтып чыгышпасын. Мунун четиндеги гранит таштары "Ала-Тоо" аянтынан келген жок, досторумдун жардамы менен алып келдик. Ушак кетет, ушак тараткандар да кетет. Бир гана Кудайдан коркуш керек, мен Жаратканга миң мертебе ыраазымын, Жараткан мага берген сайын берип жатат. Жүздөгөн мектептерди салдым, мусулманмын, ошондуктан мечит салуу - милдетим", - деди ал.

Ошондой эле мечиттин сыртына 7-Апрелдеги окуядан каза болгондордун аты-жөнү жазыларын кошумчалады. Жаңы мечитке Абдышүкүр Нарматов имам болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
interpol
2019-04-04 18:05:51
Ушуну көрөргө көзүм жок, жадакалса сүрөтүн көргүм келбейт!!!
+11
Azat.97
2019-04-04 18:39:15
Сокеге караганда тоочолук ойдо иштеген.Соке эмне кылды 2 жыл болду го.
+1
Fatimka
2019-04-04 18:43:55
Аллах ыраазы болсун. Туура жол көргөзсүн.
+2
Busi06
2019-04-04 18:45:13
Атамбаев Мечит салдым деп мактанбасада болот,Убагында Президент болуп турган да андай Мечиттен, жана башка курулуш иштерин салдырып Кыргызстанды Гул кылып кетсе анан мактанса жарашат эле,Мечитти азыр Айылда жеке ишкерда салып койот,салуу Эржигиттин милдети,Мамлекеттин акчасын канча канча асманга сапырдынар эми кускулада, Ким таза иштеди Ким жеди 1 Кудай билет Элдин алдында калп айтуу, Кудай алдында жооп береер кун келет!
+1
AIA-TOO
2019-04-04 19:10:55
Эми 10 грамдык рюмкада кызылынан урбасаң мечиттин сообу тийет, эгер ура берсең кечирип кой?.
+8
Salaf
2019-04-04 19:18:35
Теңирчилер өрттөнүп кетишиптирго байкуштар)).
+9
elchi84
2019-04-04 19:19:20
Актана берет экен да кандай иштегенин кордук го 5 жыл аркага кеттик кытайларга кен дерибизди иштеткени 10-15 жылга ижарага берип койдук.Эми барып кайта бергиле деп сурап коргулочу?
+3
Kristianuronaldu
2019-04-04 22:22:09
Мына тенирчилер ислам еместер кобойуп бараткандыгы окундурот жада калса бул жерде да коп динсиздер емнегер мн мактана аласынар?
-1
Dalil
2019-04-04 21:26:02
Кыскасы сөз жок да бул кишиге. Соопчулук үчүн салганга караганда башкача жыттанып жатат бул ишинен. Исламда жакшылык кылсаңда анын сообу тийиш үчүн көмүскө кыл дейт. Мечитти салганы жакшы бирок мындай атап, ичинде мындай сөздөрдү сүйлөгөнү туура эмес. АША ажо болгон 5 жыл уялганыман шапкамды басып кийип жүрдүм эле. А бул дагы да балп эткенин койбоду.
+2
jigit.paren
2019-04-04 21:30:58
Баарыңар эле атеист болуп кеткенсинерби Кудайдан корксонор боло мечит Аллахтын үйү эмес дегенди кантип айтып жатасыңар, ушу мечиттен далай инсандар ыйманга келип силер айткан эр азаматтарыбыз кудай деп анан бала бакча мектептерди сала башташат, чынында азыркы Сокеге караганда бир топ жакшы иштерди жасады.
+2
altyn7776
2019-04-04 21:35:18
Арам акчасына салбай эле койсо болмок. Бийлик эртерээк кустура албады АШАны. Бул жагвнан Соке женилди.
-4
brentfo
2019-04-04 21:42:32
Эмии туугандар бул сөзүнө дагы жооп берет, бирок мен урдаба алдаба, деген эмесмин дегени туура эмес, Куранга кол коюп антбергенден баштап, арбир болгон ишке жооп беришкерек.
+1
Romantik.
2019-04-04 22:08:38
Ал мейли)) сыртынан тартып киргизип койсоңор болмок экен
+1
aydinnur
2019-04-04 23:50:25
Атамбаев азамат, жакшы иштерди жасап кетти, Жээнбеков окшоп куда сөөк, күйөө балдарды чогултпай
-1
brentfo
2019-04-05 00:14:08
Алмазбек Атамбаев эми кичине өзүнө келгендейго беш жылда жүдөп, какап, зорго жүрдүле, эми ол акыбал Сооронбай Жээнбеков го өтүптүр
-1
eddi.
2019-04-05 08:04:20
АША ак иштедиби көк иштедиби аны бир кудай билет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан