UFC`нин экс-чемпиону Конор Макгрегор кайрадан ММА`ге кайтып келгендигин жарыялады. Мындай чечими тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Мен күйөрмандарым менен биргеликте алдыга жылгым келет. Алардын жерлиги, тутунган дини мен үчүн маанилүү эмес. Бардык диндер адамды бир гана жакшы нерселерге умтулууга үндөйт.
Бүл дүйнө баарыбыз үчүн бирдей. Демек, октагондон көрүшөбүз", - деп жазган Макгрегор.
Жалпысынан 25 беттеш өткөрүп, 21 жолу жеңишке жетишкен мушкер 26-мартта пенсияга кеткенин жарыялаган. Макгрегор 2018-жылдын октябрь айында UFC`нин чемпиондук куру үчүн өткөн беттешинде орусиялык Хабиб Нурмогамедовдон жеңилип калган.