Кечээ, 3-апрель күнү Сокулукта Айдана Дека менен Аваз Акимовдун концерти уюштурулмак. Жергиликтүү тургундун айтымында, концертке эл чогулуп, бирок ырчылар келген эмес. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" WhatsApp аркылуу жиберди.
"Ырчылар элди алдап койду. Эки жаш жубайдын концертин көрүү үчүн эл чогулуп, кечки саат 8ге чейин күтүштү. Концерт саат 19:00дө башталмак экен, бирок эл кандайдыр бир жаңылыш маалыматтар менен саат 17:00дө башталат деп угуп, чогулуп алыптыр. Кийин саат 7де башталат дешти, бирок концерт болгон жок. Афишаларда уюштуруучулардыкы деп көрсөтүлгөн эки номерге тең чалсак "мен билбейм, менин номеримди ал жакка жаңылыш жазып коюшуптур, тиешем жок" деп койду. Концерт көрөбүз деп улуу эле апалар, жаш балалуулар да чогулуп алышкан. Ошентип саат 8ге чейин күтүп, тарап кеттик", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.