"Ачык саясат плюс" гезитинин Ош облусундагы өкүлү Алтынбек Жээнбаев КСДПнын Ош шаарында өткөн конференциясына катышканы үчүн милиция тарабынан кысым болуп жатканын айтууда. Анын SUPER.KG'ге билдиришинче, 4-апрель күнү кечинде Жапалак айыл өкмөтүндөгү үйүнө 15тей милиция кызматкери келип коркутууга аракет кылышты.
"2-3 күн мурун Ош ОИИБинин Кара-Суу районундагы 10-бөлүмүнүн үч кызматкери келип кеткен. Бүгүн дагы 15тей болуп келишип коркутууга аракет кылышты. Эмнеге келишкенин сурасам "сиз КСДПнын Ош шаарында өткөн конференциясына катышыптырсыз, 6-апрелде съезди өтөт. Ошого маалымат чогултканы келдик" деп коюшту.
"Мен бул партияга 2010-жылы мүчө болгом. Андан бери таптакыр иштешкен эмесмин, кечээги конференциясына "Ачык саясат плюс" гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованы жеткирип гана барып калдым" деп жооп кайтардым. Ошол күнү артымдан 2-3 унаа менен аңдып жүрүшкөн. Көрсө, милиция кызматкерлери экен.
Бүгүн келип калышканынан элдин укугун коргогондун ордуна ушинтип ар кимдин артынан аңдып жүргөнүнө ачууланып баштасам кетип калышты. Бирок мага келгенге чейин Папан айылындагы бир туугандарыма барып "Алтынбекке кошулбагыла, митингге чыкпагыла, кармап кетебиз" деп коркутушуптур. Алар эми мага ачууланып "тынч жүрбөйсүңбү" деп жатышат. Милициянын бир туугандарды ушинтип кайраштырганы туура эмес", - деди Жээнбаев.
Ички иштер органдары журналисттин айткандарына азырынча түшүндүрмө бере элек.