Бүгүн, 5-апрелде өкмөттө күз-кыш жылытуу мезгилинин жыйынтыктары жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов баяндама жасайт.
Ошону менен катар эле 2019-2020-жылдардын күз-кыз мезгилине даярдык тууралуу маселе каралат. Мындан тышкары Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев таза суу менен камсыз кылуу боюнча баяндама жасайт.