5-апрель күнү төрөлгөн адамдардын эң жакшы сапаттарынын бири - пикир алышууну жактыргандыгы. Булар ачык-айрым болгондуктан бардык адамдар менен оңой эле тил табышып кетүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Ошондой эле башка кой жылдызынын алдында төрөлгөн адамдар сыяктуу эле өзүнө ишенген, активдүү болушат. Эгерде колунан келе турган нерсе болсо жакындарына жардам берүүдөн баш тартышпайт.
Бул күнү төрөлгөн адамдар принцибин эч качан өзгөртпөйт. Карьерасын бир гана кесип менен байланыштырып, өнүктүрүүнү каалашат. Жашоодо тынчтыкты самайт. Ошол себептен улам бир ишти жасап, баш ооруткусу келбейт. Ал эми булар өзүнүн эркиндигин чектөөнү жактырышпайт. Ошол себептен бирөө менен мамиле курууда өтө этият болушат. Булар үчүн өнөктөшүнүн сүйүүсү эмес, алардын жашоого болгон көз карашы, мамилеси негизги ролду ойнойт.