16-ноябрь күнү терең ойлуу, ийгиликтүү жана адамдын оюн окуй алган психологдор төрөлүшөт. Эмоциясын башкара билип, мыкты маектеш, өнөктөш жана башкалар байкабаган нерселерге маани берип, көрөгөч болушат. Айрым учурда талаш маселелерди чечүүдө активдүү катышып, жаңы идеялары менен бөлүшүүнү жактырышат.
Көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылбаса да, аны тегеректеп чогулгандар четтен табылат. Алар мыкты кеңешчи, машыктыруучу катары компаниясын алга сүрөп, көп жеңиштерди багынтат.
Ал эми жумушта кайчылаш пикирлердин жаралуусун алдын алып, атаандаштарга каршы туруп, ошондой эле жалпынын кызыкчылыгы үчүн чечим чыгара билгендиги үчүн үлгүлүү жетекчи саналышат.
Жеке жашоосунда түгөй катары чарбачыл адамдарды тандашат.